The Sunday Times басылмасынын жыл сайын жарыялган Британия байларынын рейтингине орус миллиардерлери Алишер Усманов менен Роман Абрамович да кирди. Бул тизмеде Усманов 8-орунга түшсө, Абрамович 13 –орунда калды.
Улуу Британиянын эң бай адамы Ineos мунай-химиялык компаниясынын негиздөөчүсү Джим Рэтклифф, анын байлыгы 21,05 млрд фунт стерлингди түзөт.
2-орунда индиялык бизнесмендер Шри менен Гони Хиндуджа, алардын байлыгы – 20,64 млрд фунт стерлинг, 3-орунда СССРден чыккан америкалык ишкер – Лен Блаватник, байлыгы – 15,26 млрд фунт стерлинг.
8-орундагы Алишер Усмановдун байлыгы – 10,56 млрд фунт стерлинг, былтыр 5-орунда болчу, байлыгы 1,23 млрд фунт стерлингге азая түшкөн. Роман Абрамовичтин байлыгы – 9,33 млрд фунт стерлинг, 2017-жылга караганда абалын 1,28 млрд фунт стерлингге көтөргөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ