XIV кылымда жашаган Тимур (Тамерлан) жана 1227-жылы көз жумган монголдордун улуу каганы Чынгызхан – бир эле киши. Мындай билдирүүнү Чеченстандын тарыхчысы Ризван Ибрагимов айтып чыкты. Ибрагимовдун айтымында, Тамерлан (Чынгызхан) мусулман халифи болгон, анын кубаттуу мамлекети чыгышта Кытайдан Монголияга чейин, түштүктө Хорезмге чейин, батышта Оруска чейин болгон.
“Орусияда эч кандай монгол-татар басып алуусу болгон эмес. Батый хан чындыгында Бату хан. Бөдөнө (Куликовский) талаада Берс-Шайх менен Бату хан чабышкан. Ал согуш Бөдөнө талаада эмес, Дербентте болгон”, – деп жазат Ибрагимов. Айтор бардыгын чечендерге байлай берген.
Белгилеп кетчү жагдай, 2017-жылы Грозныйдын шаардык соту Ризван Ибрагимовдун 5 китебин экстремисттик материалдар катары бааланып, арабдарды, еврейлерди жана орустарды жек көрүүгө чакырган китептер катары тапкан. Жебрейил периште Мухаммадга Куранды берип жатып, пайгамбар менен байыркы чечен тилинде сүйлөшкөн имиш. Бул сөзү үчүн Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун жеке өзүнөн кечирим сураган жайы бар.
Азыр бул тарыхчы сөрөй өз ойлорун Facebook баракчасына жазып келет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ