Санкт-Петербургда миграциялык мыйзамды бузган деп шектелген Тажикстандын жаранынан тартылып алынган беш айлык Умарали Назаровдун өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Петербург боюнча тергөө башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Тергөөнүн жүрүшүндө Федералдык миграция кызматынын жумушчуларынын жана полициячылардын аракеттеринде кызмат абалын кыянат пайдалануу фактылары табылган жок. Баланын чарчап калышы мүмкүн болгон аракеттерди жасоо фактысы да аныкталган эмес», – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, наристенин чарчап калуусуна жүрөк-өпкө жетишсиздиги себеп болгон.
2015-жылдын 13-октябрында Санкт-Петербург полициясы миграциялык мыйзамды бузган деген шек менен Тажикстандын жарандары Далер Назаров менен Зарина Юнусованы кармаган, мигранттардын каттоосу жок болгон. Айтымдарында, алардын беш айлык уулу Умаралини күчтөп тартып алышып, өздөрүн убактылуу кармоочу жайга камап коюшкан. 14-октябрга оогон түнү ымыркай белгисиз жагдайларда чарчап калган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ