Menu

Видео – «Достук» бекетинде 1,5 миңдей адам тыгында турат

Бөлүшүү:

Ош облусундагы кыргыз-өзбек «Достук» өткөрмө бекетинде ушу тапта Өзбекстан тарапка өтүү үчүн 1,5 миңдей адам кезек күтүп турат.

«Азаттык» радиосунун кабарчылары жеринен маалымдаганына караганда, тыгындын айынан айрымдар тосмодон өтүүгө аракет кылууда. Кээ бирлеринин кан басымы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип кыйналгандар да бар, бирок аларга медициналык жардам көрсөткөндөр жок болууда.

Чек арачылар чыңалууга жол бербеш үчүн кары-картаңдарды, майыптарды жана кош бойлууларды кезексиз өткөрүп жатышат.

Жаздын келиши менен соода-сатык кылып каттагандар көбөйгөндүктөн «Достук» бекетинде мындай тыгын бир нече күндөн бери пайда болууда. Кечээ бул жерде 500дөй адам топтолгон учур катталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы абалды комментарийлеп анын «эки тарабында тең кезек күткөн жарандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу учурда кошумча кабиналарды орнотуу иштери жүрүп жатканын» билдирген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, ары-бери өтүү кыйындаган. 2010-жылкы июнь коогасынан кийин чек арадан өтүү үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер талап кылына баштаган.

2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек «Достук» чек ара бекетинде эки тарапка өтүүнүн жол-жобосу жеңилдеген. Эки тарапка каттагандардын саны көбөйгөн. Мамлекеттик чек ара кызматы муну эки өлкөнүн ортосундагы сооданын жанданышы менен байланыштырууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: