Menu

Ош облустук сотунун судьялары дайындалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешинен Кыргыз Республикасынын ПрезидентиСооронбай Жээнбековдун ысымына Ош облустук сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн  4 талапкер боюнча сунуш киргизилген.

2018-жылдын 19-февралында Мамлекет башчысы ал талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөргөн. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктары, кошумча берилген материалдар менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын Президенти Ош облустук сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн  3 талапкер боюнча Судьяларды тандоо кеңешинин сунушун  колдоду.

Талапкерлердин бири боюнча материалдарды, мамлекеттик түрдүү органдарынан кошумча түрдө талап кылынып алынган маалыматтарды жана пикирлерди изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы бул талапкерди жогоруда аталган соттун судьялыгына дайындоо боюнча  материалдарды  Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешине  кайтарып берди.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына талапкерлер жана Ош облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан  айрым судьялар боюнча Президент  үч  Жарлыкка кол койду.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо кеңешинин сунушу боюнча  ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Ош облустук сотунун  9 судьясынын  ыйгарым укуктары 2018-жылдын 22-февралынан тартып токтотулду.

Экинчи Жарлык менен тандалып алынган  3 талапкер – Абдылдаев Алмазбек Жолдошбекович, Кубатов Айвар Эсенкулович жана Шамшиев Абдрасул Абдрахманович Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык  мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматына дайындалды.

Үчүнчү Жарлык менен дайындалган судьялар Ош облустук сотуна  судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн  жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: