“Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчиси Канатбек Абдыкеримов УКМКнын тергөө абагында камакта калтырылды. Бул тууралуу журналисттерге Биринчи май райондук сотунан маалымдашты.
Маалыматтарга ылайык, 16-июнда Биринчи май райондук соту Канатбек Абдыкеримовдун баш коргоо чарасын карап, аны УКМКнын тергөө абагында 4-августка чейин камакта калтырган.
Белгилей кетсек, “Кыргыз темир жолундагы” коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2018-жылдын ночбрь айынан 2020-жылдын апрель айына чейинки учурда мамлекеттик ишкананын көмүскө кассасында айына 8-9 млн. сомго чейинки каражаттар айланып, анын 50 % жетекчиликке, калганы кийинки кызматкерлерге бөлүнүп берилип турган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ