Menu

УКМК бүгүн Сапар Исаковду 6 саат суракка алып, аягында коррупциялык кылмыш боюнча айып такты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-майда КР Улуттук коопсуздук кызматы экс-премьер Сапар Исаковду саат 14.00.гө суракка чакырып, дээрлик 6 саат бою суракка алды, сурактын аягында Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык кылмыш боюнча айып такты.

“Бишкек шаарындагы ЖЭБ модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча МУКК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр С.Исаковго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү коррупция боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралды”, – деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

“Такталган маалыматтар боюнча, ал 2013-жылы КР Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында туруп, “Бишкек ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Жыйынтыгында мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген. Тергөө уланып жатат”, – деп жыйынтыктайт УКМК.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: