Menu

Нурила Токоева: “Соңку үмүтүбүз Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевада турат”

Бөлүшүү:

Гезит жамаатына адилеттик издеп, чындыкка жетпей, “карайлап” турган жарандарыбыз көп кайрылышат. Жаңы жылдан кийин редакциянын астанасын алгачкылардан аттаган Нурила айым да көптөн бери Бишкек мэриясынын караштуу муниципалдык менчик башкармалыгынын адилетсиз саясаты менен күрөшүп келе жатканын, акыры адилеттик болбой, акыйкат үнү муунуп жаткандыгынан көкүрөгүндөгү бугун биздин гезит аркылуу жогорку бийлик өкүлдөрүнө жолдогусу келгенин айта отурду.

— Нурила айым, биздин гезиттин редакциясына кайрылганыңыздын ток этер жөн-жайын айтып берсеңиз?

— Баш калаадагы Орто-Сай базарын баарыңар эле билесиңер да. Дал ушул базар тээ илгертен кыргыз керек-жарак коомунун алдындагы куттуу жайлардын бири эле. Мен жана менин жанымдагы бир катар кесиптештерим Орто-Сай базарында эмгектенип, адал оокат менен соода кылып келдик. Албетте, мындай жайга көз арткандар да болбой койбойт экен. 2008-жылы Орто-Сай базары өкмөттүн токтому менен Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүлгөн. Бирок, кагаз түрүндө бул базар шаардык муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген эмес. 2016-жылдын июнь айында Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы “Эркин Тоо” гезитине Орто-Сай базарынын эт жана жашылча саткан бөлүгүн ижарага өткөрүү боюнча жарнама беришет. Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилген аныктамалары жок. Себеби, алардын бул базарды тендерге коюуга мыйзам чегинде укуктары жок болчу. Ошого карабастан, муниципалдык менчик башкармалыгы мыйзамсыз тендер өткөрүшкөн. Бул өткөрүлгөн тендерди Казакстандык жарандын “Карасай-Сервис” аталган жеке ишканасы утуп алган. Базарда көп жылдан бери иштеп келген жамаат мындай кабарды угар замат шаардык бийликтин бул кадамы туура эместигин ачык айтып, сотко кайрылдык. 2016-жылдан ушул убакытка чейин баардык инстанцияларды басып өтүп, Жогорку соттон да утулуп калдык. Сотто биздин келтирилген жүйөлүү документтер эске алынган жок. Аргабыз кетип биз базардагы эт жана жашылча саткан жай боюнча мамлекеттик каттоо кызматына суроо-талабыбызды жөнөтсөк, алар дагы мэриянын базардын бөлүгүн колдонгон кадамдары туура эместигин баса белгилеп беришкен. Көрсө, Бишкек мэриясы базардын бөлүгүн дагы одоно, ката жол менен өздөрүнө каттоого алып алышкан экен. Бишкек мэриясы өкүмзордук саясат астында аталган базардагы эт жана жашылча саткан бөлүгүн тартып алышканы менен андагы соода кылуучу жайдагы мага окшогон соода менен алектенишкен жамаат кала беришкен. Качан гана 2008-2009-жылдары Бишкек мэрлигине баягы дардалаңдаган Данияр Үсөнов келип, андагы эмгектенген бизди түгөлү менен кууп чыгышкандан кийин акыйкат издеп сотторго кайрыла баштадык. Ошентип, 2009-жылдан бери базардын эт жана жашылча саткан бөлүгү биздин дагы, мэриянын дагы каттоосунда жок болуп келе жаткан. Өзүңөр деле билесиңер да, базарда соода-сатык кылгандар бул карапайым пенсионерлер, калктын жакыр жашаган катмары. Орто-Сай базары борборубуздун жападан жалгыз калган муниципалдык базары болуп саналат. “Карасай-Сервистин” өкүлдөрү соода орундарынын наркы көтөрүлөрүн соодагерлерге айтышкан.

— Базардагы ошол сиз айтып жаткан бөлүктүн абалы азыр кандай? Ким ээлик кылып жатат ал жерге?

— Бишкек мэриясы өткөн жылдары атайын тендер өткөрүшүп, базардын биз белгилеп жаткан бөлүгүн казакстандык “Карасай-Сервис” деген фирмага иштетүүгө берип жатышат. Маселен, казактардын ал фирмасы буга чейин кандай ишмердүүлүк жүргүзүп келишкенин кайдан билебиз? Бишкек мэриясы эзелтен бери иштеп келе жаткан ал жайыбызды андай эле иштеткилери келишсе эмне үчүн биздин жамаатка беришпейт? Шаардык бийликтин мындай саясатына макул эместигибизди билдирип биз кайрадан Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылдык. Бишкек мэриясынын Орто-Сай базарындагы эт жана жашылча саткан бөлүгүн алып, аны ижарага берип иштеткенге укуктары жок болгонуна карабай “өздөрүн-өздөрү билишип, өтүктөрүн төргө илишкен” саясатына макул эмеспиз. Мэриянын “Карасай-Сервис” деп аталган фирмага базардын эт жана жашылча саткан бөлүгүн иштетүү үчүн ижарага бергенге укуктары жок. Ошон үчүн сотко кайрылдык. Бул ишти Бишкек шаарынын райондор аралык соту алдыдагы 26-январда караганы турушат.

— Кичине демиңерди ичиңерге катып, 26-январдан кийинки соттун жүрүшүн байкагандан кийин деле гезитке кайрылсаңыздар болот беле?

— Биз алдын ала бул иш боюнча жогорку бийлик төбөлдөрүнөн адилеттүүлүктү күтүп, силердин гезит аркылуу кайрылып турабыз. Буга чейин Бишкек мэриясынын биздин базардын бөлүгү тууралуу жүргүзгөн саясаты боюнча өкмөткө да кайрылганбыз. Өкмөткө жолдогон кайрылуубуздан соң мамлекеттик каттоо кызматы эки ирет текшерүү жүргүзүшүп, алар бизди сотко кайрылууга акыбыз бар экенин айтышты. Акыры минтип сотко кайрылып турабыз. Эми биздин үмүтүбүз өлкөбүздүн Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевада турат. Ушул ишти Айнаш айым мыйзамдын чегинде эле калыс каратып, өз көзөмөлүнө алып берсе шаардык мэриянын мыйзамсыз аракеттери ачыкка чыгат эле.

— 26-январда деле Бишкектин райондор аралык соту бул ишти шаардык бийликтин пайдасына чечим чыгарып койсочу? “Карга карганын көзүн ойбосун” билесиздер да…

— Эгерде Бишкектин райондор аралык соту бул ишти калыс карабай, шаардык бийликтин пайдасына чечип, “Карасай-Сервис” фирмасынын иштөөсүнө жол ачып берип коюшса, анда биз өзүбүздүн күчүбүз менен базардагы бир кездери иштеп келген ордуларыбызды күчкө салсак да алабыз. Чыдоонун да чеги болот. Бул боюнча биз президент Сооронбай Жээнбековдун өзүнө да кайрылып, маселени жөн эле ара жолго таштап койбойбуз. Бишкек мэриясынын мыйзамсыз кадамдарына каршы күрөшүбүз токтобойт.

Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: