Menu

Кыргызстан 2023-жылга чейин өлкө толук санариптешет

Бөлүшүү:

Ош шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда “Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү” биринчи телекоммуникациялык форум болду. Ага мамлекеттик органдардын, депутаттык корпустун, бизнес-коомчулуктун, электр байланыш компанияларынын операторлорунун, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын 500дөн ашык өкүлдөрү катышты. Форумдун катышуучулары санарип трансформациялоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, күндөлүк көйгөйлөрдү жана өлкөнүн санарип экономикасынын негизи катары байланыш тармагын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Ош шаарында өткөн биринчи телекоммуникациялык форумда чет элдик жана ата-мекендик телекоммуникация рыногун талдап, өлкөнү санариптештирүү процессиндеги электр байланыш операторлорунун иш тажрыйбасы каралды. Президент Сооронбай Жээнбеков социалдык кызматтар боюнча пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү пул, жөлөк пул алуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу абзел экенин белгилеп, бул – керексиз аныктамаларды жана документтерди жокко чыгаруу аркылуу ишке ашаарын айтты. Ушул милдетти толугу менен “Түндүк” системасы аркылуу электрондук форматта ‘ жүргүзүү үчүн бардык шарттарды түзүү зарыл. Форумда Дүйнөлүк Банктын КРдеги туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар жана Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев баяндама жасашты.

Долбоордун алкагында өлкөнүн бир дагы аймактары интернет байланышы жок калбайт. Бул – максатка жетүүгө кедерги болуп жаткан көйгөйлөр чечилет. Иш аракетгер өлкө башчынын жеке көзөмөлүнө алынат. Учурдун талабына санарип технологиялары аба менен суудай зарыл. Бул региондордун өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ. Форумда сүйлөгөн Мамлекет башчысы санариптештирүү президенттик ишинин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берээрин дагы бир ирээт белгиледи.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: