Будапештте жардырууну уюштуруунун себеби полиция кызматкерлерин жок кылуу болгон. Бул тууралуу мекеменин өкүлү Кароль Папп билдирди.
Тартип сакчылары окуя болгон жердеги видео байкоодогу тасманы иликтеп чыккан. Полиция башчысынын айтымында, шектүү – жашы 20дан бираз өткөн эркек киши. Аны издөө иштерине жүздөгөн полициячы тартылды. Иликтөөгө антитеррордук борбор дагы катышууда.
Жарылуу Будапешттин эл көп жашаган аймагында болгон. Окуядан полициянын эки кызматкери жаракат алды. Кылмыштын себептери али белгисиз.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ