Menu

Депутат У.Самаев: “Балдардын келечеги – бул улут маселеси. Окуу процесси учурунда уюлдук телефонго тыюу салуу керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында окуу процессине кедергиси тийген телефон маселеси жана экология, ден соолук көйгөйлөрү айтылды.

Чүй облусунун тургундарынын көпчүлүгү негизинен уй багып, сүт саап, аны сатып оокат кылышат. Элден сүт алгандар 2017-жылдын соңунда Казакстан менен чек ара көйгөйүнө байланыштуу 15-17 сомдон алып баштаган. Чек ара көйгөйү чечиле баштаса дагы баа ошол бойдон калып калды. Бул тууралуу депутат Урмат Самаев жергиликтүү фермелердин наарзычылыктары менен тааныштырды. Ошону менен катар депутат электр кубаты боюнча 77 тыйындык тарифтеги 700 кВаттка чейин деген чекти 1000 кВатка, айыл жериндеги жашоочулар үчүн 2000 кВатка чейин көтөрүү зарылдыгына өз жүйөөлөрүн келтирди. Мындан сырткары, Урмат Самаев жалпы эле мектеп окуучулары окуу процесси учурунда уюлдук телефон менен алектенип, окуудан алаксып жатканына тынчсызданды. Ал окуучулардын интернет аркылуу ар кандай ыплас видеолорду көрүп, тарбиясына, көз карашына терс таасири тийип жатканын белгилеп: “Балдардын келечеги – бул улут маселеси. Окуу процесси учурунда уюлдук телефонго тыюу салуу керек”,- дейт.

“Шаардын таза абасы – ден соолуктун дабасы” деген депутат Рыскелди Момбеков борбор калаада абанын булганышынын себептеринин бири болгон автоунаалардан чыккан түтүнгө байланыштуу автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү Өкмөт ыкчамдатышы керектигин белгиледи.

Борбор калаанын маселесин улаган депутат Марат Аманкулов шаардын ички жолдорунун бир тобуна асфальт төшөлгөнүн жакшы көрүнүш катары баалады. Ошондой эле эл өкүлү Л.Толстой жолунун Чолпон-Ата жолуна чейинки бөлүгүндөгү чеги жол тилкесине кирип кеткен үйлөрдү бузууда үй ээлерине компенсация төлөө маселеси кандай чечилип жатканын аткаруу бийлигинен сурады.

“Жол кырсыктары боюнча статистика көңүл чөгөрөрлүк абалда. Өкмөт биринчи кезекте жол коопсуздугуна көңүл бөлүп, автоматташтырылган системаларды куруп, техникалык каражаттар менен камсыздоого басып жасашы керек”,- дейт депутат Айнуру Алтыбаева.

2013-2014-жылдары Жапониядан келген радиациялык фону өтө жогору болгон унаалар кармалган. Депутат Улукбек Ормонов адам ден соолугуна зыян келтире турган унааларды алып келгендер жазасын алып-албагандыгы, бүгүнкү күндө ал унаалар кайда экени боюнча Өкмөткө суроо-талап койду.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: