Menu

Казакстанда ММКлардын мамлекеттик бюджетин ачыкка чыгарууну талап кылышууда

Бөлүшүү:

Астананын адистештирилген экономикалык сотунда Казакстан Маалымат жана коммуникация министрлигине берилген доо арыздын негизинде отурум өттү. Укук коргоочулар министрликтен ар бир ММК үчүн былтыр бюджеттен канча каражат бөлүнгөнү тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууну талап кылышууда.

Сот отурумуна журналисттер киризилген жок.

Маалымат жана коммуникация министрлиги кайсы ММК мамлекеттик бюджеттен канча көлөмдө акча алганын ачыктоодон баш тарткан. “Укуктук медиа-борбор” коомдук фонду бул маалыматтарды сот аркылуу билүүгө аракет жасоодо.

Былтыр министрликтин сайтында маалымат саясатын республикалык деңгээлде жүргүзүү үчүн мамлекеттик заказдын жыйынтыктарынын протоколу жарыяланган. Бирок эки миллиард теңгеден ашык суммадагы бюджеттик каражатты кимдер алганы тууралуу маалымат ачыкка чыгарылган эмес.

Юрист Гүлмира Биржанованын айтымында, министр Даурен Абаев бул маалыматтарды “кызматтык колдонуу үчүн” деген категорияга киргизген. Буга байланыштуу “Укуктук медиа-борбор” коомдук фонду аткаминердин чечимин сот аркылуу жокко чыгарууну чечкен.

Кийинки сот отуруму 25-январга белгиленди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: