Menu

Видео – «Эйр Манас» «Бишкек-Ташкент-Бишкек» каттамын аткара баштады

Бөлүшүү:

“Эйр Манас” авиакомпаниясы 23-декабрдан тарта “Бишкек-Ташкент-Бишкек” багытында авиакаттамдарды аткара баштады.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, 23-декабрда алгачкы учак Ташкентке учуп кетти. Ага жалпы 105 киши билет алган.

Эми ар аптанын шаршемби жана ишемби күндөрү “Бишкек-Ташкент-Бишкек” багытында учактар каттап турат. Билеттин баасы 110 доллардан жогору.

2018-жылы “Ош-Ташкент-Ош” каттамын кайра ачуу мерчемделүүдө. Буга чейин “Ташкент-Бишкек” багытында шейшемби, бейшемби күндөрү “Uzbekistan Airways” компаниясынын гана учагы каттап келген.

13-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Ташкентте жолугушуп, транспорттук каттамдар боюнча макулдашкан эле.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: