КР Генпрокурору Индира Жолдубаеванын үстүнөн кара булут айланды. Бүгүн, 6-апрелде ал КР Жогорку Кеңешинин “Ата-Мекен” жана “Республика-Ата-Журт” фракцияларында 2017-жыл боюнча отчет бермек. Бирок азыр саясый ситуация кескин өзгөрө баштаганынан улам депутаттардын алдына өзү келгенге жүрөгү даабай, орун басары Бөкөнбай Казаковду жиберген.
“Ата-Мекен” фракциясы Бөкөнбай Казаковго өтө оор суроолорду берип жүдөтүп, Индира Жолдубаеванын фракцияга отчет бергени өзү келбегенин сындап, эгер ооруп калганы чын болсо медициналык справкасын көрсөтүүнү талап кылышты.
Депутат Эмил Токтошев Генпрокурор Индира Жолдубаеваны өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салууну сунуштады.
Кызуу талаш-тартыштан кийин “Ата-Мекен” фракциясы КР Генпрокурорунун 2017-жылдагы ишин канаатандыралык эмес деп тапты.
“Республика-Ата-Журт” фракциясы да отчетко Индира Жолдубаеванын өзү келбегенин жаалдануу менен кабыл алышты жана КР Генпрокурорунун 2017-жылдагы ишин канаатандыралык эмес деп тапты.
Эми кезек парламенттин профилдүү комитетинде жана КСДП, “Кыргызстан”, “Бир бол” фракцияларына келди. Бирок эксперттер көпчүлүк башкаруучу коалициянын көп мүчөлөрү азыр Генпрокурордун ишине нааразы болушууда, ошондуктан Генпрокурор Индира Жолдубаеванын отставкасына саналуу гана күндөр калды дешет.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ