Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы менен Эсеп палатасы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн курулган ипподромго сарпталган каражаттын чоо-жайын текшерип жатат. УКМКнын маалыматында: Курулушка кетүүчү чыгымдар башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 миллиард 584 миллион сомго көбөйүп кеткендиги, курулуш иштеринин көлөмүн 10 миллион сомдон ашык өлчөмдө жасалма түрдө жогорулаткан факты да аныкталганы, ошол эле мезгилде 144 миллион сом кайда коротулганы тууралуу документтер жок болуп чыккандыгы айтылат.
Мындан тышкары: Республикалык сертификаттоо борборунун Сыноо лабораториясынын экспертизасынын талабына, 31 миллион 398 миң сомго төшөлген асфальт талапка жооп бербей калган. Ошондой эле 8 миллион 244 миң сомго жасалган темир ферма долбоорго ылайык салынган эмес, курулуш эрежелери бузулган. Кырсыктарды жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинен өткөрүлчү 9 миллион 737 миң сомдун сарпталышында да мыйзам бузуулар аныкталган. Текшерүү иштери уланууда. Курулуш иштерин СМУ-3 ишканасы жүргүзгөн.
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ