Бүгүн, 15-августка карата өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан 2 адам көз жумду. Бул тууралуу республикалык штаб билдирет.
Ош шаары – 1
Нарын облусу – 1
Муну менен өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 1493.
Бүгүн Республикада коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 41 миңден ашты. Ал эми оорудан айыккандардын жалпы саны 33 миң 951 адамга жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ