Menu

Видео – Депутат Зарылбек Рысалиев: «2010-жылдагы окуялардын тушунда банктан 3 млрд доллардан ашуун векселдер табылган, кийинчерээк анын изи табылбай калды»

Бөлүшүү:

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз чыгарылганы боюнча козголгон кылмыш иши кайра жандандырылыптыр, мен мурда күбө катары сурак бергемин, бирок тергөөчүлөр мени ушул кезге чейин суракка кайра чакырган жок, качан чакырасыӊар? Депутат Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеӊеште Башкы прокурордун 2018-жылы Кыргызстанда мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчету угулуп жатканда ушундай собол салды.

Андан тышкары, депутат жакында эле жалпы журт Президенттин өз оозунан «уюшкан кылмыштуу мафиялык топтун» бар экени тууралуу кеп укканын эске салды. «Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу мафиялык топтун бар экенин алгачкы жолу угуп жатабыз, чын эле ушундай топ барбы? Андай болсо, кылмыштуу мафиялык топтун мыйзамсыз иштерин иликтөө тобу түзүлдүбү?», – деген дагы суроо берди.

Андан тышкары, 2010-жылдагы окуялардын тушунда банктардын биринен ири өлчөмдөгү векселдер табылганын, бирок азыр анын дайыны билинбей кеткенин билдирди. «Банктан 3 млрд доллардан ашуун векселдер табылган, бул мамлекеттик бюджеттин жарымына жакынын түзгөн каражат. Кийинчерээк анын изи табылбай калды, ал тууралуу прокуратура органдары кандай маалымат бере алат?», – деди ал.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз чыгарылганы боюнча козголгон кылмыш иши чындыгында эле кайра жандандырылганын бышыктап, тергөөчүлөр жакын арада күбөлөрдүн баарын кайра суракка чакыра турганын билдирди. Ал кылмыштуу мафиялык топтун мыйзамсыз иштерин иликтөө тобу түзүлбөгөнүн айтты. Ал эми банктан табылган векселдер боюнча иштин жагдайын тактап туруп анан жооп берүүгө убуда берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: