Menu

Аламүдүн районунда чыккан жаңжалда тапанча колдонгон адамдар кармалды

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Аламүдүн районунун Арашан айылында болгон окуяга катышкандардын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-апрелде квадроцикл айдаган белгисиз 10го жакын адам Арашан айылындагы пост аркылуу өтүүгө аракет кылышкан. Постто турган жергиликтүү тургундар аларды өткөрбөй коюшкан. Андан кийин алардын ортосунда түшүнбөстүктөр жаралып, белгисиз адамдар тарабынан бир нече жолу ок атылган.

Жергиликтүү тургун арыз менен милицияга кайрылган. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Андан кийин окуяга шектүүлөр 1979-жылы туулган А.Х., 1984-жылы туулган А.Б. жана А.А. экени белгилүү болгон. Алар Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.

Учурда калган шектүүлөрдүн дагы өздүгү аныкталып жатат.

Болжолдуу маалымат боюнча, алар үн чыгаруучу тапанча колдонгон. Курал тергөө органдарына экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилген. Ошондой эле окуя учурунда жаракат алган адам ооруканага жаткырылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: