Былтыр Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунан ырк кеткенде Роза Отунбаева бийликке ыктап, мамлекеттик иш-чараларга тынбай катышып калган. Президентти жандап, тымызын таасир этүүнүн амалына өткөнүн сырттан көргөндөр байкабаса да, бизге сезилип турган эй. Аныгында, Отунбаеванын ойлогонундай болбой калды окшойт, жең ичинен көксөгөн «идеялары» өтпөй калдыбы, айтор, ал учурда бийликке сын пикир айта баштады. Текебаев баштаган түрмөдөгү саясый туткундардын эркиндиги үчүн оюн кылгандай түр жаратып, элден упай алуунун аракетине өткөндөй. Ошол эле кезде Бабановду да тымызын колдоп атты эле, анысы ишке жарабай, мекенине келүүдөн коркуп, уяткарып койду. Отунбаеванын эмки аракети 23-апрелдеги «Ата Мекен», «Мекенчил» партияларынын митингин көркүнө чыгаруу. Айрымдарга чындык, адилеттүүлүк керек болсо, Отунбаева үчүн саясый кырдаалды козутуу маанилүүбү?..
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ