Menu

Алтынбек Сулайманов, депутат: Шадиев качып кеткен боюнча кабарын билдирген жок. Жапаров, Пирматов таза…

Бөлүшүү:

—Алтынбек мырза, өткөн жумада Социалдык өнүктүрүү министрлигине Кочкоровду, Маданият министрлигине Жамангуловду шайладыңар. Экөөнүн шайланышы, купулуңузга толдубу?

—Улукбек Кочкоровду жакшы эле билем. Кесиби финансист. Көп жыл салык тармагында, УКМКда иштеген. Өткөн чакырылышта депутат болду. Айтор, тажрыйбасы жетиштүү. Өтө оор тармакка министр болуп шайланды. Эми ал өзүнүн деңгээлин, тажрыйбасын мына ушул кызматтан көрсөтүшү керек. Ал эми Жамангулов Маданият министрлигинде 3 жыл министрдин орун басары болуп иштеп, туризм тармагын жакшы эле тейлеп келди. Бирок маданияттан бир аз алысыраак болгону менен, бул тармактан кабары бар, өздөштүрүп кетет деген ишенимдемин. Анткени, өтө жаш экен, тажрыйбасы аз экен деген эски түшүнүктөн арылышыбыз керек. Эмнеге дегенде, азыр дүйнөдө инновациялык өзгөрүүлөр, реформалар көп болуп жатпайбы. Жакшы менеджер болуп, маданият тармагын көтөрүп кетсе жакшы болот эле. Мен бул жигитке ишенимди аванс менен артып жатам. Калганын убакыт көрсөтөт.

—Өкмөттүн ишмердүүлүгүн сындабаган киши деле калган жок. Сиз да андай сындарга кошуласыз да…

—Ошончо сын бекеринен айтылган жок да. Баары эле туура айтылып жатат. Чынында байкап турабыз го, өкмөт өтө жай темп менен иштеп жатат. Бир орунда тургандай эле элес калтырып жатат да. Эгер бир ордунда тура берсе, анда артка “буксовать” этип, кетип жатат деп түшүнсөк болот. Мен 14-15 министрликтен ийгиликтүү тармакты көрбөй жатам. Жакында парламентке өкмөт отчёт берет. Ошондо көрө жатарбыз. Бат алмаштырсак, дагы сынга калып жатабыз. Алмаштырбасак, минтип иш жылбай жатат. Бизге да кыйын болуп жатат.

—Коррупцияга каршы күрөш купулуңузга толуп жатабы?

—Азыр кээ бирлер, айрыкча журналисттер коррупцияга каршы күрөш тандоо иретинде жүрүп жатат деп айтып жатышпайбы. Бул сөз мурунку бийликтин тушунда деле айтылып келген. Бул да өзүнчө саясый термин болуп калды окшойт. Коррупцияга каршы күрөш комплекстүү болушу керек эле. Ошондо элдин купулуна толот болчу. Тилекке каршы андай иштер жүрбөй жатат.

—“Раиммиллион” каймана аты бар Райымбек Матраимов Кыргызстанда коррупциянын символу катары сыпатталып жатканын жакшы билесиз. Эл: “Бийликтин ага тиши өтпөй жатат” – деп катуу сынга алып жатат. Бул боюнча сиздин пикирди угалы…

—Алдын -ала бир нерсе айтуу кыйын. Ал тууралуу айтылган сөздөр иш жүзүндө болгон эмес же болсо да тиешелүү тараптардан иликтенбей жаткандыр. Кыскасы, бул суроого укук коргоо органдары жооп бериши керек.

—Икрам Илмияновдун кармалышы менен көп коррупциялык кылмыштардын бети ачылышы мүмкүн деген кептер айтылууда. Ал кишиден кезинде саясый колдоо алгандар көп болгон да. Сиздин мамилеңиз кандай эле?

—Кандай кылмыштардын бети ачылат, аны убакыт көрсөтөт да. Азыр ага алдамчылык боюнча кылмыш ишин козгошконун эл катары биз да уктук. Бирок андан башка иштерин уга элекпиз. Икрам менен жакшы эле таанышмын. Мамилем деле бар эле. Чынында ал киши менен бешинчи, алтынчы чакырылыштын депутаттарынын баарынын эле мамилеси бар болчу. Бирок мен жеке өзүм Илмияновдон саясый колдоо алган эмесмин.

—Шадиев Кыргызстандан 27-апрелде качып кетти эле. Мыйзам боюнча депутат 30 күн ишти эч себепсиз калтырса, мандаты алынышы керек. Шадиевдин мандатын эмнеге алдырбай жатасыздар? Бул маселеде эмне кызыкчылык бар?

—Шадиевдин мандатын алганга азырынча мыйзам жол бербей жатат. Себеби, мыйзамда депутат эч себепсиз 30 күн ишке келбесе, мандаты алынат деген бир сессия ичинде деп каралып калган да. Ошондо сентябрь айынан тарта июндун аягына чейин бир сессия болуп эсептелет. Ортодогу каникул эсепке кирбейт. Эгер ортодогу каникул жумуш күндөрү болуп калбаганда эмдигиче мандаты алынмак. Бирок жакын арада мандаты алынат.

—Шадиевди атайын качырышты деген сөздөргө кошуласызбы?

—Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин биз да билбей калдык. Ал да бизге бул маселе боюнча акылдашкан жок. ЖМКлардан эле окуп калдык. Кеткен боюнча бизге кабарын билдирген жок.

—Партиялашыңыз, кесиптешиңиз Акылбек Жапаровго 200 миллион сом каражат боюнча козголгон  кылмыш иши да ордунан жылбай турат. Жапаров болсо элге акыл үйрөтүп, бакылдап жүрөт. Коомчулук болсо бул кишини катуу эле сынга алып келет. Бул жерде кандай кызыкчылык болушу мүмкүн?

—Бул маселеде эч кандай деле кызыкчылык жок. Жапаровго насыяга берилген акчанын мөөнөттөрү бар экен. Менин билишимче, Жапаров ал негизги сумманы мөөнөттөн мурун, алдын-ала төлөп, карызын жаап койду.

—Жаап койгон күндө мыйзам алдында жоопко тартылышы керек болчу да. Кылмыш кыскарган жок. Тергөө жай болсо да жүрүп жатат дегендей…

—Менде Акылбек Жапаровго кандай негизде кылмыш иши козголгону боюнча толук маалымат жок экен. Акылбек Жапаровду чакырып сураган да киши жок. Болгону убагында: “Жапаровду камайт экен” – деген пиар жүрүп кетпедиби.

—Жапаровго бекеринен кылмыш иши козголгон жок да. Сиз насыяны төлөп койду деп жатасыз. Мыйзамды бузуп жатса, чыгымды кеч болсо да төлөп коюу ишин сиз туура деп эсептейсизби?

—Кечигип эмес, алдын-ала төлөдү окшойт. Убактысы жете элек. Жаңылбасам, насыянын мөөнөтү 2025-жылга чейин экен. Өкмөт ошондой шарт койгон. Бул иш боюнча мыйзам болгон эмес.

—Демек, сиз Жапаровду сүттөн “ак” дейсизби? Ага козголгон кылмыш ойдон чыгарылганбы?

—Дал ушул иши боюнча Жапаровдо күнөө жок. Эми билесиңер да мурунку замандарда кандай гана кылмыш иштери ар кандай кырдаалдарда козголуп келбеди беле. Ошондой эле болуп калган.

—Дагы бир партиялашыңыз депутат Пирматовго Башкы прокуратура 258 миллион каражатты жеп койду деп кылмыш ишин козгоп, аны жоопко тартууга келгенде өткөн чакырылыштагы депутаттар баарыңар сактап калбадыңар беле. Пирматов деле ошондон бери “таза” адам болуп жүрөт. Бул да акылга анчалык сыйбаган иштерден болуп калды да. Бул боюнча калыс пикириңизди айта аласызбы?

—Туура, Пирматовго кылмыш иши козголгон. Тергөө жүргөн. Искакка коррупция беренеси менен эмес, башка жеңилирээк берене менен козголгон болчу. Соттон иши кыскарган. Сен айтып жаткан 258 миллион каражат боюнча текшерүү болгондо тастыкталган эмес. Билесиздер да, ал кезде биз “Ата Мекен” фракциясы менен аябай тирешип калган мезгил болчу. Пирматов Текебаев менен келишпестиктерге барып калган. Ошондо ал кездеги Башкы прокурор Аида Салянова Пирматовго кылмыш ишин козгогон.

—Жапаров сыяктуу эле Пирматов сүттөн “ак” болуп калат экен да..

—Ошондой болот.

—Сиздин фракция өткөн чакырылышта оппозициялык фракция болду эле. Азыр көпчүлүк коалициядасыңар. Деги эле парламенттеги оппозициялык фракциялар өтө эле “назик”, өтө эле алсыз болуп жаткандай…

—Биз оппозициялык фракция болуп турганда бизге деле коомчулук тараптан, журналисттер тарабынан ушундай сындар айтылган. Азыркы оппозициялык фракциялар деле өз милдетин мүмкүнчүлүгүнө жараша аткарып жатышат. Болгону азыркы чакырылыш бир аз тартиптүүрөөк болуп жатат да.

Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: