Жалал-Абад шаарында мектептердин ачылышы 20-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу штабдын башчысы Руслан Алтымышов билдирди.
Анын айтымында, шаарда эпидемиологиялык кырдаал орточо оор деп бааланып жатканын, ушул себептен мектептердин ачылышы жылдырылганын билдирди.
“Күндүзгү ооруканаларга 3400дөн ашуун адам кайрылган. Тилекке каршы, 53 өспүрүм коронавирус менен ооруп калышты. 10 мектеп окуучусу дарылануудан өтүп жатат. Эки жума мурун мектеп окуучусу коронавирустан көз жумган. Ал Базар-Коргон районунан болгон. Ошондой эле, №8 бала бакчанын тарбиячысы каза болду” – деп билдирди ал.
Ал эпидемиологиялык кырдаал оңолсо, салттуу билим берүүгө уруксат бериле турганын, бирок азырынча окуучулар аралыктан окуй тургандарын кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ