Биздин гезит министр Кашкар Жунушалиевге мындан мурдагы бийлик учурунда Атамбаев ишеним көрсөтүп министр кылса, тымызын “Ата-Мекенге” иштеп бергени боюнча маалымат тарап, нааразычылык жаралганы боюнча кабар бергенбиз. Андан көп өтпөй эле Кашкар мырза иштен алынган.
Эми кайра келди. Демек, ал Атамбаев менен Текебаев тирешип турганда тымызын Текебаевге иштегени чын экен да деп калдык. Билинбегени менен бир топ эле интриган окшойт Кашкар мырза. Мейли эми иштесин, көрөлү дегендей. Бирок жакын арада же күздө анын ордуна Ош облустук милиция башчысы Малик Нурдинов тапталып жатканын эсине түйүп алса ашыкча болбос…
Булак: “Ачык Саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ