Menu

Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көлөмү артууда

Бөлүшүү:

Жалал-Абад областында ар кайы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестцияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук капиталдык инвестициялар тартылган. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине   (салыштырмалуу баада) салыштырмалуу 132,3 пайызга өскөндүктү билдирет. Жалпы республиканын негизги капиталга инвестицияларды тартуу көлөмүндөгү областын үлүшү 12,9 пайызды түздү.

Ички инвестиция тартуунун жалпы көлөмү 886,7 млн. сомду түзүп,               2017-жылдын биринчи чейрегине салыштырмалуу 116,1 пайызга өскөн, же 123,1 миллион сомго көп тартылган. Анын ичинен:

-республикалык бюджеттен -183,9 миллион сом тартылып, өткөн жылга салыштырмалуу 174,5 миллион сомго көп;

-жергиликтүү бюджеттен – 7,1 миллион сом, же 1,4 миллион сомго аз;

-ишканалардын жана уюмдардын эсебинен -154,9 миллион сом, же 18,5 миллион сомго аз;

-калктын жана башка каражаттардын эсебинен -540,8 миллион сом, же 31,5 миллион сомго аз тартылган.

Тышкы инвестицияларды тартуунун жалпы көлөмү 1 миллиард 512,3 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 144,6 пайызга өсүп, же 466,3 миллион сомго көп тартылган. Анын ичинен:

-чет өлкөлүк кредиттен – 655,1 миллион сом, же 60,9 миллион сомго аз;

-тике чет өлкөлүк инвестициялардан – 846,6 миллион сом, же 520,2 миллион сомго көп;

-чет өлкөлүк гранттан жана гуманитардык жардамдан -10,6 миллион сом, же 7,1 миллион сомго көп тартылган.

Инвестициялардын тартылуусунун менчиктин түрүнө карата пайдалануусу боюнча абал төмөнкүдөй:

-Мамлекеттик менчикке – 231,4 миллион сом тартылып, капиталдык инвестиция тартуунун жалпы көлөмүнүн 9,6 пайызын түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 206,5 миллион сомго көп тартылган. Анын ичинен областтагы  9 айыл аймактарынын эсебинен жалпысынан 83,3 миллион сом, Жалал-Абад шаардык суу чарба башкармасы 32,8 миллион сом, түштүк регионалдык өзгөчө кырдаалдар департаменти Жалал-Абад облусу боюнча 10,5 миллион сом жана Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармалыгы 63,1 миллион сом инвестициялык иштерди тарткан.

-Акционердик коомдор жана башка жеке менчикке – 2 миллиард 167,6 миллион сом капиталдык инвестициялар тартылып, жалпы тартылган көлөмдүн 90,6 пайызын түздү. 2017-жылдын январь-март айына салыштырмалуу 383 миллион сомго көп тартылган. Анын ичинен, Токтогул ГЭСтер Каскады ишканасына 60,4 миллион сом,  Камбар-Ата ГЭСине 36,2 миллион сом, Курулуп жаткан ГЭСтер ишканасында 11,2 миллион сом, “Майлуу-Суу лампа заводу” жоопкерчилиги чектелген коомуна 4,2 миллион сом инвестиция пайдаланылган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: