Menu

Саакашвили суракка келүүдөн баш тартты

Бөлүшүү:

Грузиянын мурдагы президенти, Одесса облусунун мурдагы губернатору, “Жаңы күчтөр кыймылынын ” лидери Михаил Саакашвили Украинадагы мамлекеттик төңкөрүш иши боюнча суракка келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу “Украинская правда” кабарлоодо.

Кыймылдын маалымат катчысы Марьяна Почтар Саакашвили эч кандай процессуалдык документтерди албаганын жана кол койбогонун билдирди. Анын айтымында, 6-декабрда Саакашвили брифинг өткөрүп, абалды юристтер менен талкуулайт.

Шейшембиде Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко Жогорку Радада сүйлөп жатып, полиция тарабынан кармалып, тарапташтары тарабынан бошотулган Саакашвилинин “качкын”макамы бар экенин айткан. Луценко эгер Саакашвили 24 сааттын ичинде өзү багынып бербесе, тартип коргоо органдары аны кармоо үчүн бардыгын кылууга даярдыгын белгилеген.

Бүгүн Саакашвилиге издөө жарыяланды. Полиция саясатчынын тарапташтарынын Жогорку Раданын жанында орнотулган чатырларына чабуул жасоо аракетин көрдү. Мындан соң Саакашвили Украина президенти Петр Порошенкого кайрылып, чагымдарды токтотууга чакырды.

Украин бийлиги Михаил Саакашвили мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракетине жана каршылык акциялары үчүн Януковичтин Орусияга качкан өнөктөшү, бизнесмен Сергей Курченкодон 500 миң доллар алууга айыптоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: