Menu

Йемендин мурдагы президентинин өлүмү ырасталды

Бөлүшүү:

Йемендин мурдагы президенти Али Абдалла Салех тарапташтары менен хусит козголоңчулардын ортосундагы куралдуу кагылышуу маалында өлтүрүлдү.

Салех жетектеген Элдик конгресстин расмий өкүлдөрү ал Йемен борбору Сананын түштүгүндөгү кол салуудан мерт болгонун ырасташты.

Салех эки күн мурда Иран колдогон хусит согушкерлер менен өнөктөштүгү аяктаганын жарыялаган болчу. Ал акыркы үч жылдан бери башкалаа Сананы хусит козголоңчулары менен чогуу башкарып келген.

Хуситтердин лидери Салехтин өлүмүн «өтө маанилүү жаңылык» катары кубаттады. Абдул Малик аль-Хути Сауд Аравия башында турган аскердик коалициянын колдоосундагы Йемен өкмөтүнүн ниети ашкереленгенин билдирди.

75 жаштагы Салех Йеменди отуз жылдан ашык убакыттан бери башкарып келаткан. Элдик толкундоолор менен саясий басымдын жыйынтыгында ал 2012-жылы кызматтан четтетилген. Бирок Иран колдоого алган хуситтер менен альянс түзүп, өлкөнү башкаруусун уланта берген.

Салехтин өлүмү тууралуу биринчилерден болуп кабарлаган козголоңчулар ага Сауд Аравиясына бараткан маалда кол салынганын билдиришүүдө.

Өткөн жумага чейин Салехтин тарапташтары хуситтер менен бирге Йемендин учурдагы президенти Абдраббух Мансур Хадиге каршы чогуу күрөшүп келишкен. Бирок узакка созулган саясий чыңалуу менен козголоңчулар тарабынан көзөмөлдөнгөн Санадагы мечиттин кимге таандык экендиги боюнча талаштардан улам ортодо куралдуу кагылышуулар пайда болгон. Анын жүрүшүндө 125 киши мерт болуп, 240ка жакыны жарадар болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: