Menu

АКШ Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныйт

Бөлүшүү:

Бүгүн Дональд Трамп бул боюнча расмий билдирүү жасай турганы күтүлүүдө. Элчиликти көчүрүү иштери техникалык себептерден улам, алты айдан эрте эмес убакытта бүтөт.

Араб өлкөлөрүнүн лидерлери Дональд Трамптын чечимин кескин сынга алышты. Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку төрагасы Федерика Могерини палестиндер менен израилдиктердин ортосундагы келечектеги тынчтык келишимге доо кетирчү кадамдардан оолак болууга үндөдү. Франциянын Тышкы иштер министрлиги Иерусалимдин макамы израиль-палестин сүйлөшүүлөрүнөн кийин аныкталышы керек деген пикирде.

Атын атабаган америкалык өкүлдөр Трамп бул чечим тынчтык жараянга өбөлгө болот деп эсептей турганын айтты.

Америка элчилигин Иерусалимге көчүрүү жана шаарды Израилдин борбору катары таануу эл аралык консенсуска карама-каршы келет. Батыш өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү Иерусалимди Израилдин борбору катары таанышпайт. Палестиндер өзүнө эски шаарды камтыган, мусулман, христиан жана еврейлердин ыйык жайлары жайгашкан Чыгыш Иерусалим алардын болочоктогу мамлекетинин борбору болушу керек деп талап кылып келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: