Menu

Тумандуу КСДП

Бөлүшүү:

Келечегин талкалап алган КСДП лөктөрү кийинки кадамын кандай таштоону билбей алдастап жаткан кези. Алар үчүн азыр келечек тумандуу. Буга өздөрүн, анан лидерин күнөөлөгөндөн башка аргасы жок. Партияны сактап калуу мүмкүнчүлүгү да дээрлик жокко эсе болуп калды. Карт тарыхы бар деген партия дагы уроо, талкалануу үстүндө, кээ бир ишенгендеринин тагдыры кыл үстүндө турат. Кыйшалаңдаса эле татаал тагдырга тушугушат. КСДПнын акыркы саясий, кадрдык жүрүштөрү да алардын партиялык идея менен чогулбаганын, партиялык түзүлүштөн оолак экенин, кызыкчылык же болбосо партия лидеринин үстөмдүгү өкүм сүрүп жатканда жагалданып жыйналганын ачыктады. Өздөрү сунуш кылып Өкмөт башчылыгына алып келген, жаңы бийликке акыркы огу катары колдоно турчу  Сапар Исаковду кетирип, өздөрүн толук жайдактап алганын айтса болот. Бул партияда идея үчүн күрөшкөн 2-3 эле адам калды деп эсептесек, калгандары эрге тийип жыл айланбай талак алып, жаңы күйөө издеген сулуулар сыяктуулар. Күнү бүтүп бараткан партиядан эртерээк кутулуунун айласын издешип, күндүн илеби жакшы тийген жылуу жакка орун которгулары келип жүрүшөт. Көпчүлүгү ал жакка эбак өтө качышкан.

Исаковдун жылдык отчётун алгач “жакшы” деп кабыл алган КСДП фракциясы, апта айланбай “Иштей албаган Өкмөттү кармап олтуруунун кажети жок. Көп катачылык кетирди, ишти мындан ары да алып кете албайт, ишенимден чыкты” деп позициясын алмаштырып, өзүнүн “баласын” өздөрү жутту. Бул КСДПнын каймактарыбыз дегендер курч саясий абалда башкаларга эмес, өздөрүнө тирек болууга жарабай тургандыктарын далилдеди. Аткаруу бийлигинен айдалган (29 премьер-министрдин ичинен жалгыз гана ишенбестик көрсөтүлүп кеткен) Исаков жаңы жумушун кайрадан КСДП партиясынан тапты. Болгондо дагы лидердин оң колу болуп олтурду. Кечээ эле иштегенди билбейт экен деп айдаган КСДПнын депутаттары аны кайрадан партия төрагасынын биринчи орун басары болууга ишеним көрсөтүштү. Ушундай да кубулма саясат болобу? Иштей албайт деген адамга кайра ишти алып кетет деп партиясын колго салып бергени, КСДПны таптакыр ишти билбеген адамга тапшырып, жок кылууну көздөгөнү же болбосо позиция дегенди уруп ойнобогондук. Өздөрүнүн парламентте чыгарган чечимине көз көрүнө ыштанын чечип чаптырып салгандык.

Партия жетекчилигине келели. Лидери эски президент А. Атамбаев 7 жылдын ичинде доско караганда душманды көп күткөн саясатчы. Аны менен эл арасында кадыры бар саясатчылар кол кармашып, саясий күрөшкө чыгууга барышпайт. Элде дагы Атамбаевге каршы негатив күч. Саясий өнөктүк учурунда бул кишини колдоп-коштогондор азчылыкты гана түзүшүп, жеңишке болгон ындынын өчүрөт. Биринчи орун басары Сапар Исаков УКМКга сурак берип жүрөт. Ага президенттик аппаратта чечүүчү фигура болуп турган кезинен баштап, чыр көп коштогон Өкмөт мезгилиндеги иштерге кылмыш иши ачылып, темир тордун артында олтуруп калышы мүмкүн. Кийинки орун басары Асель Кодуранова деген депутат. Коомчулук бул айымды саясий фигурага караганда, Атамбаевдин мурунку катчысы катары көбүрөөк тааныйт. Өткөн шайлоодо Асель айым өзүнүн участогунан жарытылуу добуш ала албай, бирок депутат болуп олтуруп калганына кээ бир партиялаштары да тескери пикирде экени калп эмес. Керек болсо элдин ишенимине ээ боло албаган ушундайлардан партияны тазалаш керек деп ичтен сызгандар чыгып жатканын ким тана алат? Кыскасы,  Кодуранованын партияны сүйрөп кетүүгө дарамети жетпейт. Мурадыл Мадеминов деген депутатты да Атамбаевдин орун басары кылып шайлашты. Бул эми айла жоктун иши да. Мадеминов менен ким эсептешет? Мадеминов партия төрагасынын орун басары катары Икрамга тапшырма берүүгө кудурети жетеби? КСДПдагы жетекчилик дайындоолор партияны паралич кылды.

Ороз Жолборсов

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: