Menu

Бүгүн Кремлде Орусия президентинин инаугурациясы болот

Бөлүшүү:

Бүгүн Москвада Орусиянын шайланган президенти Владимир Путиндин кызматка киришүү салтанаты өтөт. Инаугурация Москва сааты боюнча түшкү 12де башталат.

Кремлде ант бергенден кийин Владимир Путин Собор аянтына барып, Кремл полкунун парадына күбө болот. Андан соң Благовещенск соборунда кудайга сыйынуу жөрөлгөсү өтөт.

Путин бүгүн эле Мамлекеттик Думага жаңы өкмөт башчынын талапкерлигин сунуштайт деп күтүлүүдө.

Буга чейин ММКлар өз булактарына таянып, Путин салттуу түрдө президенттик кортеж менен Москванын көчөлөрүндө жүрүүдөн баш тартышы мүмкүндүгүн жазышкан. 2012-жылы 7-майда Владимир Путин үчүнчү президенттик мөөнөтүнө киришкен. Анда ал Ак үйдөн (ал кезде өкмөт башчы болгон) Кремлге чейин Москванын көчөлөрүн аралап, унаа менен барган.

5-майда Орусиянын көптөгөн шаарларында Путиндин төртчүнчү президенттик мөөнөтүнө каршы «Ал бизге падыша эмес» деп аталган нааразылык акциялар өткөн. «ОВД-Инфо» басылмасынын маалыматы боюнча Орусиянын 27 шаарында жалпысынан 1597 киши кармалган. Алардын айрымдары бошотулса, башкалары камалып, сот жообуна тартылганы турушат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: