Menu

Атамбаев жана “Апрель” телеканалы үч саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык соту «Апрель» телеканалын Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 мин сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы аларга ушунча каражат төлөп берүүгө тийиш.

Чечим 2-майда кабыл алынганын «Медиа полиси» институту кабарлады.

Муну менен шаардык сот райондук соттун чечимин бираз өзгөрткөн. Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Апрель» телеканалын өз эфиринде төгүндөө жарыялаганга, ал эми Атамбаевди ар бир саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.

2018-жылы 10-декабрда Атамбаев «Апрель» телеканалына интервью берген. Доогерлер мурдагы президент алардын ар-намысынан шек келтиргенин билдиришкен. Атамбаевдин адвокаты жалаа жабуу же фактыларды бурмалоо болбогонун, арызданган үч саясатчынын кадыр-баркына доо келбегенин жүйө келтирген.

Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын былтыр жыл этегинде сотко беришкен. Алар «экс-президент телеканалдагы маегинде ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: