Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялары менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьялары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы бардык кыргызстандыктарды жана  Конституциялык палатанын судьяларын эртең, 5-майда белгиленүүчү  Конституция күнү менен куттуктады.

Президент мамлекетте туруктуулукту камсыз кылууда Конституциялык палата чоң роль ойной тургандыгын белгиледи.

«Биздин максат — элдин мамлекеттик бийликке карата жок болуп кеткен жана эки жолку революцияга алып келген ишенимин кайтаруу. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн биз ачык бийлик системасын, адам укугу сакталган таза коом курушубуз керек. Президенттен баштап ар бирибиз өзүбүздүн ак ниет, таза ишибиз менен үлгү көрсөтүшүбүз керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент белгилегендей, мамлекеттин жашоосунда сот системасы өзгөчө орунга ээ жана өз ишмердүүлүгүн саясатташтырбастан туруктуулуктун, коомдун тазалыгынын кепилдиги катары таанылышы керек.

Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров, судьялар Эмиль Өскөнбаев жана Курмантай Абдиев Мамлекет башчысына жакшы салтка айланып калган Конституция күнүнө карата жолугушуусуна ыраазычылык билдиришти. Алар Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү, пландары жана милдеттери, кабыл алынган чечимдер тууралуу айтып беришти.

«Конституциялык палата өзүнө жүктөлгөн милдеттерин так жана мыйзам алкагында укуктук талаадан чыкпай аткарууга аракет кылууда», — деп белгиледи Эркинбек Мамыров.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьяларына Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагын белек кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: