Menu

Урматтуу депутат …ович, Урматтуу депутат …овна!

Бөлүшүү:

Азил-чыны аралаш

-Урматтуу депутаттар, кезектеги заседаниябызды баштайбыз сөз урматтуу депутат ..овнада.

-Урматтуу депутаттар! 2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун күчөтүп, мамле­кеттик тилди билүү – Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын парзы жана милдети деп ачык-айкын, таасын көрсөтүлгөн. Бирок эгемендик жылдары өлкөбүздө мамлеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир топ иш-чаралар, «томпойгон» токтомдор биз тарабынан кабыл алынса да мамлекет­тик башкарууда, иш кагаздарын жүргүзүүдө, жогорку билим берүү тармагында, кесиптик ишмердикте олуттуу жылыштар али күнгө чейин болбой келүүдө. Коомдун кыймылдаткыч күчү, анын өсүп- өнүгүүсүн айгинелеп турган тилибиз саясий, экономикалык, коомдук жана маданий айдыңында негизги байланыш каражаты катары колдонулбай, дале болсо коңулда «коңурук» тартып жатат. Президентибиз мамлекеттик тил­ди өркүндөтүү боюнча министрден тартып, төмөнкү звенодогу жетекчилер кыргызча сайрап туруусуна катуу талап койду. Бул демилгени биз дагы “оптом” кош колдоп, кыргызча тили булдуруктаган жетекчилерден немедленно арылышыбыз керек! Экономика министрине ай сайын олчойгон акча бөлүп берип, кыргыз тилинде торгойдой шаңшып турсун дегенибиз да туура эмес болуп калды. Ал ошончо акчага кыргыз тилин билгенден кийин өлкөбүздүн экономикасы өркүндөп-өсүп кетеби?! Андай болсо өз милдеттерин өргө тарта албаган айыл чарба, жол, юстиция, саламаттыкты сактоо, билим берүү, эмгек жана социалдык министрлерин, губер­натор, аким, мэрлерди кыргыз тилин билбеген башка улуттун өкүлдөрүнөн дайындап, жылыга биз коротуп жаткан 800 млн сомдон өөнөп, аларды кыргызча окутканга жумшабайлыбы? Кандай дейсиңер урматтуу депутат …ович, …овналар? Өлүмтүгүн артпай эле Япония, Россия, Америка, Англия, Кытай жана башка жактан келген жарандар бир тыйын сурабай дилин, дитин коюп кыргызча үйрөнүп, ырдап жүрүшпөйбү. Костюк, Юрий Бобковго окшогондор кыргыздын каада-салтын гана эмес, түшүн жоруп жүрүшөт го?! Да­вайте бул маселеге олуттуу көңүл буралы.

Сөз алтынчы микрофондогу ..овичте.

-Урматтуу төрага …ович! Ур­маттуу коллегалар! Биз эки күндүн биринде жол кырсыгы боюн­ча ГАИлерди жерден алып көргө, көрдөн тартып алып жерге көтөрүп чаап, жемелеп жер-жебирне жеткирип келебиз. Отуруп алып терең ойлоп көрсөм биздики туура эмес экен. ГАИлер эмне шоопурларды кармап, оозуна арак куюп айдагыла деп жатабы же ылдамдыгын ашыра айдаган, таянган тоосу бийик чоңдордун көпкөн уул-кыздарын жолдон түртүп жиберип аварияга учуратып жатышабы?! Турушат го кыштын кычыраган суугунда үшүп-калчылдап, жайдын аптабынын азабын тартып! Жол кырсыгы боюн­ча күнөөлүүлөрдү башка жактан издейли.

Кеп үчүнчү микрофондо, баятан бери тикесинен-тик турган урмат­туу депутат ..овичте.

-Урматтуу коллегалар! Урмат­туу депутат ..ович маселени кабыргасынан коюп эң туура айтат. Кеп кетменде эмес, сабында дегендей кеп ГАИлерде эмес. Ой-чуңкуру көп, кечээ эле асфальтталган, бүгүн омкорулуп ой-кырынан жаткан жолдордо. Аны башкарган министрликтен тартып, миллиондогон сомдорду жылыга жалмаган жолчуларда. Урматтуу депутат ..овичтер, …овналар, силер кайсы жол менен парламентке келесиңер? Же ка­нат байлап учуп келесиңерби же вертолет менен келип Ак үйдүн үстүнө конуп келип жүрөсүңөрбү билбейм. Шаар, айыл ичиндеги жолдорду айтпай эле койдум, коноктор, туристтер өтүүчү эл аралык жолдордо жолтандабасыңар менен бир-эки жолу айдап көргүлөчү, көргүлүктү көрүп, машинаңардан түшө качпасаңар депутаттык мандатымды тапшырайын!

-Кийинки сөз урматтуу депутат ..овичте.

-Урматтуу төрага, урматтуу ..овичтер, ..овналар! Борбор каалабыздагы ТЭЦ аварияга учурап, мурда болуп көрбөгөндөй укмуштуудай уламышка айланды. Кабинетиндеги компьтерде оюн ойноп отурган 1-вице-премьер Аскарбек Шадиев Бишкек ТЭЦин оңдоого 730 миллион сом бөлүнгөн деп шадыраңдады эле, ага карабай алкымдарына аздык кылган электр жагына ээлик кылган аткаминерлер Кытайдан 386 мил­лион доллар насыя ала коюшуп, ТЭЦти оңдомок түгүл, оңкосунан түшүрүп отурушат. Урматтуу депутат ..ович айткандай, Бишкек ЖЭБин модернизациялаган ТВЕА компаниясын тандап алышып, Жогорку Кеңеш келишимди ратификациядан элегинен өткөрө электе өкмөт аке арбын акча алып койгону коомчулукту кооптондуруп койду. Бул боюнча премь­ер-министр улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айбек Калиев баштаган күнөөлүүлөрдү жазаламак турсун, ал арыз жазганына карабай башынан сылап сый көрсөтүп турат. Кыргызстанда 1,5 миллионго жакын киши жакыр жашап жатса, эрдемсинген энергетиктер электр тарифин көтөрөбүз деп карапайым калктын канын кайнатууда. Ошондуктан урматтуу депутаттар, энергетика тармагындагы тамырлап кеткен коррупциялык элементтердин бетин ачып, жалгыз ТЭЦтин дирек­торун, чабагын жыга чаппай, ага тиешеси бар алдым-жуттумдарды алкымдан алышыбыз керек!

Ушуну менен бүгүнкү заседаниябыз аяктады. Келбей калган урматтуу депутаттар ошондон ары кете берсин. Ансыз деле кыргыз элим 120 депутат көптүк кылат, санын кыскартыш керек деп турганда элдин талабын, тапшырмасын эске алалы!

Асан АКМАТОВ

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: