Эки күн мурун ЖКнын бир катар депутаттары Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу боюнча журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү. Ал депутаттардын катарында кылмакчыны кылып, өз мамлекетинен качып кеткен Өмүрбек Бабановдун ишенимдүү жакындарынын бири, жердеш иниси депутат Мирлан Жээнчороев Текебаевдин маселесин айтымыш болуп, саясый буйрутма маселе менен кылмыш козголгондорду да актоо керек деп өзүнчө эле агынан жарылды десең. Анын сөзүнүн төркүнү акеси Бабановго такалат. Ток этер жерин айтканда, бийлик Бабановду да акташ керек экен. Бул эми акылга сыйбай турган логика. Бабанов колу менен кылганды моюну менен тартсын! Ага козголгон кылмыш иши эч кандай саясый буйрутма эмес. Муну Эштекбайдын энөө баласы да эң сонун билет. Бирок бабановчуларга деле терең түшүнүп турса да, түшүнгүсү келбей, минтип бет тырмарлык кыла бериштин эмне кереги бар.
“Жакшы тилек, жарым ырыс”- демекчи, тилектештигиңер бекемделип, Кыргызстан үчүн пайда алып келген күч болуңуздар деген каалообузду айтабыз.
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ