Menu

Ооганстанда ТАПИ газ кууру өтчү жерлерди минадан тазалап жаткан сапёрлор өлтүрүлдү

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү эртең менен куралчан белгисиз адамдар Ооганстан түндүгүндөгү Кандагар аймагында кеминде беш сапёрду өлтүрүштү. Бул тууралуу TOLO news басылмасы жергиликтүү полициянын башчысы Абдул Разикке шилтеме кылып жазды.

Маалыматка караганда, сапёрлорду Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия (ТАПИ) газ түтүгү курула турган жерлерди минадан тазалоо үчүн «Aims De-mining» компаниясы жалдаган.

Окуя Майванд районундагы Маланг Кариз деген жерде, сапёрлор иштеп жаткан маалда болгон. Полиция башчысы Резактын билдиришинче, чабуулду Талибан кыймылынын жоочулары жасаган. Бирок азырынча талиптер полициянын бул билдирүүсү боюнча эч кандай комментарий берген жок жана кол салуу үчүн жоопкерчилик ала элек.

Мурдараак Талибан кыймылы бул долбоорду колдоп, аны коргоого даяр экенин билдирген. ТАПИ газ куурунун Ооганстандагы бөлүгүнүн курулушу башталганы тууралуу быйыл февралда жарыяланган. Бирок «Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматы боюнча курулуш иштери дале баштала элек.

ТАПИ газ түтүгүнүн бир бөлүгү Ооганстан аймагы аркылуу өткөндүктөн, 10 миллиард АКШ долларлык долбоор үчүн инвестор табуу кыйынга турууда. Курулуш иштерине кетчү чыгымдардын 85 пайызын Түркмөнстан өзүнө алган.

Булак:  Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: