“Тажикстандын Хатлон облусунун Яван районунун соту “Нурбахш” лицейинин мугалимин 17,5 жылга кести. Ал 12 жаштагы окуучу кызга сексуалдык мүнөздөгү кыймыл-аракет кылган деп айыпталды. Бул тууралу “Озодлик” радиосу билдирди.
Соттолгон мугалим Мирзохон Алиев 12 жаштагы окуучу кызы шахматтык турнирде жеңип чыкканда, сүйүнүчү койнуна батпай, чуркап барып, колунан кысып, өөп-өөп алган. Оозунан өпкөнү же бетинен өпкөнү маалыматта айтылбайт. Ошондон кийин ар кайсыл ушак-айыңдар тарап, кыздын ата-энеси милицияга арыз жазган. Негизи Мирзохонду мыкты мугалим катары санашат. Анын окуучулары көптөгөн ийгиликтерге жетишип, лицейдин атын чыгарып келишет. Жактоочулар бул окуяга абдан наарызы. Ал милициянын кыйноосунан улам күнөөсүн мойнуна алганы айтылууда. Кыз тарап журналисттерден качып жүрөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ