Мурунку Башкы прокурор Аида Салянова былтыр киши колдуу болуп каза тапкан иниси Улан Саляновдун өлүмүнө УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевди күнөөлөп чыкты. Мурунку атка минер инимдин өлүмүн уюштурууну ошол кезде кызматта турган Сегизбаев колдогон деп эсептейт экен. Бирок бул жөн гана сөз. Азырынча эч кандай далилдер жок. ИИМ Саляновдун өлүмү эч кандай саясатка, же эжеси Салянованын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экенин айтканы менен Аида айым саясатка тиешелүү экенин айтып келет. Бирок анын бул кебине деле далил жок. Кыскасы эч бир далил жок болгондон кийин инисинин арбагын тынч коюп, сасык саясатка аралаштырбай койгону оң болчу.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ