Казакстандагы популярдуу “Made in KZ” эстрадалык тобу кыргыздагы айтылуу “Илияздын ыры” чыгармасын домбранын коштоосунда аткарып чыкты.
Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде жаратылган “Илияздын ырын” казакстандык топ ырдап чыгары менен, алардын видеосу аз күндүн ичинде эле 30 миңден ашык жолу көрүлүп, Facebook социалдык тармагында активдүү бөлүшүлүп жатат.
Айта кетсек, аталган топ дүйнөлүк жана казакча ырларды домбранын коштоосунда, жаңы стилде аткарып келет. “Илияздын ырын” аткаруучу кыргызча ырдаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ