Menu

Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою башкаруу сунушталууда

Бөлүшүү:

Казакстан парламентине Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөө укугун берген мыйзам долбоору келип түштү. Ошол эле маалда Коопсуздук кеңешин консультативдик-кеңеш берүүчү эмес конституциялык орган кылып өзгөртүү сунушталууда.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, Коопсуздук кеңеши өлкөнү башкарууда негизги борбор болуп, анын жана башчысынын чечимдери бардык бийлик органдары жана чиновниктери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы керек.

Саясат таануучу жана Демократияны өнүктүрүү боюнча борборазиялык фонддун башчысы Толганай Умбеталиева бул мыйзам долбоору кабыл алынса, саясий системаны жана казак бийлигинин структурасын олуттуу өзгөртө албайт деп эсептейт.

«Конституционализм жана демократияны өнүктүрүү институту» коомдук фондунун директору Мереке Габдуалиевдин пикиринде, кийинки президент шайланганда форс-мажар башталса, бул мыйзам аркылуу элбашы процессти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн алат.

2017-жылы Казакстанда парламент менен өкмөттүн ролун бекемдөө боюнча Конституцияга өзгөртүү киризилген. Эл аралык Freedom House уюму конституциялык реформаны “эски фасадга жаңы өң берүү” деп атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: