Menu

Айнуру Алтыбаева: «Эмне үчүн биздин балдар, неберелер ЖЭБ директору олтурган креслосуна жыйырма жыл кредит төлөш керек?»

Бөлүшүү:

«Кытай мамлекетинен кредит катары алынып келинген 386 млн доллар Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого жумшалдыбы?» деген суроо жообун таппай турат. Парламент жетинчи кабат үчүн керектүү болгон мыйзам долбоорунун бир сүйлөмү туура болбой калыптыр деп кезексиз жыйынга чогулса, -25 градус суукта тоңуп олтурган элди ойлоп кезексиз жыйынга чогулмак түгүл, аварияга баруудан коркуп олтурушту. Көлөкөсүнөн корккон депутаттар шаршемби күнү өкмөттү чакырып алып өздөрүнчө “баатыр” болушту, кыйкырыкты катуу салып. Көпчүлүк жообуна кызыккан «386 млн доллар акча ЖЭБ үчүн коротулганбы?» деген суроого айрым депутаттардын жообун угуп көрдүк.

— ЖЭБдеги авария бүгүнкү күнү актуалдуу маселелердин бири, азыр дале үйлөр муздак. Сууктун айынан, жылуулуктун жоктугунан улам мектептер убактынча эс алууга чыгышты, ооруканалардагы оорулууларыбыз кыйналышты. Менин оюмча, күзгү-кышкы сезондорго жакшы даярданбаганыбыздан келип чыкты. Энергокомпаниялар, энергохолдингдин жетекчилиги, мэрия турат. Аларды сөзсүз түрдө жоопко тартыш керек. 386 млн доллар 26 миллиард сом деген акча. Мына Алматыда ЖЭБди 70 млн долларга модернизациялашкан. Белоруссиянын борбору Минск шаарында 200 млн долларга жаңы ЖЭБ курушуптур. Бизде болсо ошол кредиттин эсебинен 300000 миң сомду мебель алууга жумшашыптыр. Эмне үчүн биздин балдар, неберелер ЖЭБ директору олтурган креслосуна жыйырма жыл кредит төлөш керек? Бул долбоорду колдогон чиновниктер сөзсүз жоопко тартылышы керек. Энергохолдинг бул мыйзамсыз иштеп жаткан мекеме. Анткени, буларды Эсеп палатасы текшере албайт. Жеке менчик десек мамлекеттин 100% акцияларын башкарып жатышат. Бул жерде белгисиз башаламандыктар бар. Ошондуктан бул маселе боюнча, Адилет министри да жооп бериш керек деп ойлойм.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: