Menu

Ооруканада ВИЧ жуккандарга 2022-жылы бир жолку кенемте төлөнөт

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы ВИЧСПИД жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койгону 24-августта расмий кабарланды.

Документке ылайык, ооруканада бул вирусту жугузуп алганын далилдеген документи бар, 18 жаштан өткөн жарандарга жана балакатка жете элек балдардын ата-энелерине бир жолку кенемте берилет.

Бир жолку акчалай кенемтенин өлчөмү 100 миң сомдон кем болбошу керек.

Мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2005-2018-жылдары Кыргызстанда ВИЧ илдети бар 632 бала аныкталган. Алардын 382ине илдет ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгы менен жуккан. Ушул күнгө чейин 50гө жакын бала көз жумган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: