Menu

Журналисттер президентке “каттар баштыгын” чогултушууда

Бөлүшүү:

Журналисттер өлкө башчыга каттарды чогултушууда. Бул тууралуу аталган акциянын демилгечиси Элнура Кулуева билдирди.

Анын айтымында акциянын максаты президент менен журналисттер ортосунда жаңы диалог түзүү болуп саналат.

“Көбүнчө журналлисттердин социалдык тармактар аркылуу берген суроолору, көтөргөн көйгөйлөрү көңүлсүз калат. Президент дагы, анын басма сөз кызматы дагы каттарга жооп беришпейт. Мындай жагдай бардык өлкө башчылар убагында кездешкен. Ал эми жыл сайын өткөрүлүүчү маалымат жыйынга 20-30 журналист гана катышат, жана суроолордун саны чектелген. Ошондуктан биз бардык коллегаларыбыздан, анын ичинде регионалдык дагы каттарды чогултуп, аны президент Сооронбай Жээнбековго даректелген катта бириктирүүнү чечтик. Баштыкты 7-ноябрь  Басма сөз күнүндө биздин эки урматтуу аксакалдар өлкө башчыга тапшырышат.”-деп билдирди Элнура Кулуева.

Демилгечилер бир нече редакцияларды кыдырып, 20 кат чогултушкан. Журналисттер каттарында суроо, көйгөй же сунушун жолдой алышат. Бул аркылуу Сооронбай Жээнбеков журналисттерден көптөгөн маалымат ала алат деп ишенишет уюштуруучулар.

“7-ноябрдан кийин журналисттер социалдык тармактарда Сооронбай Жээнбековго кат жолдошот. Биз суроолорго келген жоопторго мониторинг жүргүзөбүз. Ошондой эле биз жыл аягында каттардын авторлору менен жолугушуу уюштуруу демилгесин президенттин басма сөз кызматына сунуштап жатабыз”-деп билдирди Элнура Кулуева.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: