Падышалык Оруссиянын аскер гарнизону курулган деп Нарын шаарынын 150 жылдыгы Өкмөт башчынын катышуусунда жалган өттү. Андан кийин архив кызматкерлери 83 жыл деген документти көргөзсө тоотпой Ноокен районунун токсон жылдыгын өткөрүштү. Бүгүн интернетти карап отурсам Ноокенден ашса ашабыз, кем калбайбыз деп Базар-Коргон районунун 100 жылдыгын өткөрүп, мааркеде ЖКнын спикери, Өкмөттүн вицеси баш болуп төрдө отурушат. Эми элестеткиле совет бийлиги орногондон кийин 6 жылдан кийин Кыргыз мамлекеттүүлүгү, тактап айтканда Кара Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 14-октябрда жарык дүйнөгө келсе, Базар-Коргон району 1918-жылы түзүлгөн дегендин өзү акылга сыйбаган сабатсыздык! Кичине китеп окуп, тарых менен таанышып, эсиңерге келгилечи эл кыйындары!
Кыяс Молдокасымов, тарыхчы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ