Menu

Бекназаров эмне себептен Атамбаевди жактап калган?

Бөлүшүү:

Бир позицияны карманбаган, ким «жилик» ыргытса ошонун алдына жантыгынан жата калган Азимбек Бекназаров кечээ күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча басма сөз жыйынын өткөрүп, депутаттык комиссия калыс чечим чыгарышынан күмөн санап жатканын билдирди. «Бульдозердин» ою боюнча, комиссияга жалаң Атамбаевдин учурунда куугунтук көргөн депутаттар кирип алыптыр. Кыскарта чаап айтканда, Бекназаров барыбызга белгилүү болгон себептин жыйынтыгы менен 180 градуска бурулуп, күтүүсүз жерден Атамбаевди колдоп чыкты. «Жалаң Атамбаевдин зомбулугун көргөн депутаттар комиссия түзбөгүлө. Ага кызыкчылыгы бар, өчү бар же жабыр тарткан адам комиссияга мүчө боло албайт. Анда адилеттүүлүк, калыстык, мыйзамдуулук болбойт» деп кыйкырды. Бет болбосоң койо кал. Баса, бул билдирүүсү соц. сеттерге чыгары менен терс маанайдагы пикирлер жаады. Эл эмне дегенин өзүңүз окуп көрүңүз:

Асанкайгы: Азике, кошула калбайсыңбы, тиги чимкириктерге! Чындыкты башкалар айтса айтсын, сен жөн эле койчу… Поезд кетип калды, станцияда жалгыз калдың, Кийинки поездге сени эч ким отургузбайт…

Аты-жөнү жазылбаган: Азимбек, Сен түзүксүнбү өзү? Башты оорутпа, сени да көргөнбүз. Кызмат тийбей ич күптү бар го. Үнүңдү бас…

Аты-жөнү жазылбаган: Бекназаров, бир карын майдагы кумалак. Куру сөздөн башка колуңдан эч нерсе келбейт. Аксы эли сенин атыңды укканда аллергия болуп кетет.

Монгол-татар: Бекназаров өзүңө дагы кезек жетээри не көзүң жетип калган тура. Жек көрүп жүргөн Атамбаевди дагы жактап, жанталашып жатат.

Аты-жөнү жазылбаган: 20 жылдан бери кыргыз мамлекетине бир тыйын, пайда алып келбеген Бекназаров эми пайда алып келет бекен. Акча дегенде бети менен жерге түшөт бул адам. Элге, мамлекетке күйгөн Адам болбой эле кой.

Долон: Чала сабат, билими жок эч иш колунан келбей, жаңжал чыгарып күн көргөн бирөө. Эч качан жанын кыйнап иштеген эмес, алдым-жуттумдук менен жан сактаган ушулар бети ачылса, эптеп оңолуп кетет эле эл. Аш жегендер кетип, кетмен чапкандар гана калса.

Аты-жөнү жазылбаган: Эки жүздүүлүктүн да чеги болот да. Келдибеков экөө Атамбаевди сотко берип, акча доолап жатпады беле.

Камчы: Бекназаровдун дөөрүмөсү кайра башталыптыр. Эл унутуп баратканда эле акылдуу сүйлөп чыга калат. Өзү кызматта турганда эмне иш бүтүрдү. Атамбаев сөөк ыргытып койсо эле аны жактап сүйлөп калмайы бар ушу Бекназаровдун.

Аты-жөнү жазылбаган: Бекназаровдун мынча бети бузулуп кеткен, адамдын ичиндегиси бетке чыгат дейт, ошондо мунун ичин элестет.

Каршы: Бекназаровду дагы мурунку кылган былыктары үчүн тез арада камаш керек. Эмнеси үчүн дегендерге, себеби толтура табылат.

Изат: Эки жүздүү Бекназаров кайрадан эки жүздүүлүгүн көрсөтүп баштаптыр. Качан болсо жүзүн 300 градуска буруп позициясын өзгөртмө саясатчы экенин дагы бир жолу тастыктап жатат.

Аты-жөнү жазылбаган: Бекназаровго соттон уткандан да көбүрөөк акча берген го, Атамбаевди жактап калганына караганда.

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: