Menu

Боронов эч кандай президенттик сүймөнчүгү эмес, баарын “доляга” чечип көнгөн адамбы?

Бөлүшүү:

Өткөн сандагы жарыяланган: “Ак үйдүн сүймөнчүк кадрлары кабинеттеринде акча бөлүштүрүп жүрүшөбү?” – деген материалыбыз абдан чоң резонанс жаратты. Кыскача айта кетели…

“Бизге эксклюзивдүү маалыматтар келип түштү. Өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстандын аймагында уран калдыктары көмүлгөн эң чоң аянттар жатат. Аларды тейлөө, жылдырбай кармап турууга миллиондогон доллардык каражаттар жумшалат. Албетте, Кыргызстан кедей мамлекет болгондуктан, буга негизинен чет өлкөлүк донорлор колдоо көрсөтүүдө. Быйылкы жылда да калдык сактоочу жайларды рекультувизациялоого оңбогондой акча каражаттары каралган. Россиянын “Росатом” компаниясы дагы мамлекет аралык келишимдерге байланыштуу, быйыл биздеги калдык түйгүчтөрдүн абалын жакшыртууга өтө көп суммадагы акча каражатын бөлгөн. …Бирок, учурда Кыргыз Өкмөтүндө чоң чыр болуп жатат. Себеби, “Росатомдун” белгилүү максат менен быйыл бөлгөн акчасы 60 миллион сом болсо, анын көп бөлүгү жок. Себеби – түшүнүктүү, жеп кетишкен имиш. Биз менен байланышкан булактын маалыматында, 21 миллион сом акча каражаты ӨКМ министри Н.Мирзахмедовдун көзөмөлүндө 1-вице-премьер Кубатбек Бороновдун кабинетине нак барган имиш… Бул маселе боюнча журналисттик иликтөө кийинки санда жарыяланат. Бирок, өкмөттө эл ишеничин саткан, президентги уят кылган кадрлар олтурганы өкүнтөт.

Боронов тууралуу дагы көп кызыктар айтылууда. Айтаарыбыз – президент мырза, сизди булар чын эле уят кылып, сатып кетишти. Чара көрүш керек ээ?”- деп айттык эле.

Эми бир жума ичинде бизге белгилүү болгон маалыматтарга көңүл буралы.

Кыргызстандагы Кажы-Сай, Миң-Куш, Майлы-Суудагы уран калдыктарын рекультувизациялоо долбоорун мамлекет аралык келишимдерге байланыштуу “Росатом” каржылап, жардам бермек. “Росатомдун” генералдык подрядчиги катары РосРАО тандалып алынган. Каражат ушул компаниядан ӨКМдин Түндүк борборуна (СЦ МЧС) келмек. Ал аркылуу СЦ МЧС рекультувизация ишин аткаруу үчүн подрядчиктерди жалдаган: “Эрнстрой”, “Альянс Экшн”, “Аз и К”, “Седеп-строй”, “ЮГЭЛС”. Бул улуттук генефондго тийешелүү маселе. Кыргыз өлкөсү өз алдынча бул ишти кыла алмак эмес. Бирок, айрым чиновниктердин бул иш боюнча текебердиги, сугалактыгы бизди таң калтырууда.

Бул аты аталган фирмаларга СЦ МЧС орустардын акчасынан 300 миллион сомдон ашуун каражатгы берүүсү бардык келишимдерде көрсөтүлөт.

Бирок, кыргызда кандай? “Өйдө жактан сурап атат?”- деп фирмаларга басым көрсөтүүлөр кетет. Айла жок, бербесең, ишиң чечилбейт! Жыйынтыгында, коррупциялык схемалар менен миллиондорду чыгара башташат. Айтып коюу керек, мыйзамда эч качан “чыгаша-кассалык ордер”, “доверенность” аркылуу акча алып чыгып кетүү мындай ири мамлекеттик маселеде болушу керек эмес. Акча каражаттар мыйзамсыз ушул жол менен чыгарылгандыгын айтышууда..

Бир гана “Альянс Экшн” боюнча ошондой жол менен чыгарылып кеткен 21 миллион сом акчанын изи жок. Келишим боюнча которушмак, бирок, фирманын мурунку директору СЦ МЧС директору Жусубалиев Асылбек менен сүйлөшүп алганы үчүн бул акчалар жок, демек, уран калдыктары боюнча иш токтогон. Элди ойлобогон кайсы безеткилер?

Биз кайрылсак, баары эле жооп берүүдөн качып жатат. Себеби, ар кандай имиштер боюнча бул коррупциялык схема азыркы КР Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновго такалууда. Имиш болсо качып не кылат? Чалсак качып жатат. Дал ушул афера Бороновдун жандай кадры Асылбек Жусубалиевдин аракети менен ишке ашканын уктук. Айтып коюу керек, укук коргоо органдары биздин публикация боюнча изилдөө баштаса, көрсөтмө бере турган адамдар четтен табылат дешет…

Боронов министр кезинде МЧСтин “МИМОсунан” да 14 миллион сомдун дайыны чыкпай кетип, ызы-чуу жүрүүдө. Асылбек Жусубалиев менен К.Боронов да ушул акчаларды “майлаганы” чынбы?

Ансыз деле “бажагейттер” жетиштүү, Президент элин саткан адамдарды жаман көрөт. Бул иш боюнча компетенттүү иликтөө болушу керек. Дагы көп кызыктар бар. Кийинки санды күткүлө… Билишибизче, Бороновду баары “сүймөнчүк кадр” катары билет. Ал эч качан андай адам болгон жок. Эртеңки күндө Бороновдун көп сандуу байлыктарын жазабыз. Зилалиев жолдо калат имиш…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: