Тажикстандын Жогорку соту бул өлкөдө каракчылык жана адамдарды барымтага алууга айыпталган өзбек жараны Ёкуб Гафуровго карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарып, аны Өзбекстанга өткөрүп берди.
Маалыматтарга караганда, Гафуров Тажикстанда 1999-жылы жасаган кылмышы үчүн соттолду.
Быйыл апрелде Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 2010-жылы белгилүү режиссер Марк Вайлды өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылып, 20 жылга соттолгон Гафуровду Душанбенин өтүнүчү менен тажик бийлигине убактылуу өткөрүп берген.
Ташкенттеги «Ильхом» театрынын негиздөөчүсү Марк Вайль 2007-жылы сентябрда өзүнүн үйүнүн алдында өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү катары Ёкуб Гафуров, Алишер Сатаров жана Кахрамон Пулатов аттуу үч жаран кармалган. Сотто алар белгилүү режиссерду спектаклдеринин биринде Пайгамбарды кемсинткендиги үчүн өлтүрүшкөнүн айтышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ