Menu

Москвадан мас жүргүнчүнү салбай койгон кыргыз таксистти полиция бөлүмүнө жеткиришкен

Бөлүшүү:

Москвадан Кыргызстандын жаранын мас жүргүнчүнү жеткирүүдөн баш тартканы үчүн полиция кармап алган. Бул тууралуу 12-ноябрда “Дүйнө таңы” укук коргоо уюмунун башчысы, юрист Валентина Чупик билдирди.

“Айзат Исаков Кыргызстандын жараны экен, таксист болуп иштейт, мас жүргүнчү улутуна асылып, мушташканга чейин барган, – дейт укук коргоочу. – Андан соң ал мас жүргүнчү полиция чакырып, “мага кол салды” деп кыргыздын үстүнөн арыз жазган. Азыр ал жигитти Зюзино ИИбисинде кармап жатышат, күзөттөгү Гомонков полициянын аракеттерин түшүндүрө албай койду. Ал эми ШИИБиге байланыша албай койдум”.

Валентина айым буларды Фейсбук баракчасына жазган. Кыргыз жигит менен телефон аркылуу байланышкан. Акыры юристтин жардамы менен кыргызды кое беришкен. Бирок бир нече саат жөн эле полиция бөлүмүндө кармалган. “Мен билбей калганда эмне болот эле?” – дейт укук коргоочу.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: