Коомчулуктун бүйүрүн Азиз Батукаевдин иши эмне менен аяктары кызытып турган чак. Эми ким камалат, кимге кезек келди деген эле кеп жаралып калды. Аида Салянова менен Шамиль Атахановдун камалышы коомчулук үчүн күтүүсүз болгонун да айтыш керек. Булар камалат деп көпчүлүк ойлогон эмес. Азиз Батукаев өлкөдөн чыгып кеткенде эле ошол кезде депутат болуп олтургандар, аны аэропорттон узатканы барышкан деген кеп тараган. Кайсыл депутаттар барганы бүгүнкү күнгө чейин ачыкталбай келүүдө. Эми иш кызуу жүрүп жатканда, кимдер барганын, эмне үчүн барганын тергөө аныкташы керек. Феликс Кулов, Хаджимурат Коркмазов, Игорь Гусаров үчөө барышкан деп айтылып жүрөт. Буларды дагы тергөө суракка чакырып, айтылган сөздөрдүн чын-төгүнүн аныктап коюшу зарыл. Болбосо сөздөр көбөйүп кете турган болду.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ