Бишкек шаарында 25-марттан 21-апрелге чейин жалпы 45 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 60 адам жабыркаган. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалев билдирди.
Анын айтымында, ушул убакыт аралыгында 1299 кылмыш катталып, алардын ичинен 1180 кылмыштын бети ачылган.
Ал эми акыркы сутка ичинде 59 адам коменданттык сааттын эрежелерин бузуп кармалган. Алардын ичинен 52си эркек, 7сү аял кишилер.
Жалпысынан, өзгөчө кырдаал башталгандан бери борбордо коменданттык сааттын эрежелерин 2319 адам бузган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ