Menu

Бишкекте активисттер Атамбаевге кылмыш ишин козгоону талап кылышты

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындагы «Бийликти узурпациялоо жана анын кесепеттери» аттуу жыйынга чогулгандар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигин сынга алып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.

Алардын талабын 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн аппаратынын башчысы, саясатчы Эмилбек Каптагаев угузду.

“Курултайды уюштурууга катышкан саясий-коомдук жана мекенчил күчтөрдүн талаптарына ылайык, былтыр кабыл алынган чечимдерге жана талаптарга кайрылууга мажбурбуз. Биринчиден, мамлекеттик бийликти узурпациялоо, уюшкан кылмыштуу кланды түзүү, саясий жана экономикалык коррупциялык иштерди уюштуруу айыбы боюнча Алмазбек Атамбаевге чукул арада кылмыш ишин козгоону башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон талап кылабыз. Конституциянын 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык, мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет. Ал эми 6-беренесинин биринчи пунктуна ылайык, Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ. Ошондуктан кол тийбестик деген саясий оюндар менен интригаларды, жаңы кабыл алынып жаткан мыйзамды ишке киребиз деген шылтоону токтотуш керек”, – деди ал.

Каптагаев мурдагы мамлекет башчынын байлыгынын булагын текшерүүнү талап кылды.

Экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзамды 12-мартта Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети үчүнчү окууда жактырган. Анын алдында Конституциялык палата менен Жогорку Кеңештин ортосунда документтеги беренелер боюнча талаш-тартыш орун алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: