Menu

Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевдин сотуна барып эмнелерди айтты?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-ноябрда Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун соту улантылууда. Сотко экс-президент Роза Отунбаева барып, көрсөтмө берди.

Суракта Роза Отунбаева 2010-жылдын 12-13-майында Текебаев менен Чотонов “Супара” тамактануучу жайында болбогонун тастыктап берди. Ал Ош, Жалал-Абадда жагдай курчуп тургандыктан 12-майда өкмөттүн имаратында чогулуп, атайын тапшырма менен Дүйшөнкул Чотонов Ошко учуп кеткенин айтып берди.

Эске сала кетсек, өткөн сот отурумунда 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү оң көрсөтмө беришкен. Буга чейин Жогорку сот быйыл, 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Алар орусиялык шылуун ишкер, учурда түрмөдө отурган “Леонид Маевскийден пара алды» деген айып тагылып, Атамбаевдин буйругунун негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Мындай чечимди алар четке кагып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалашкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: