Menu

«Өнүгүү-Прогресс»: Бишкектеги жөө жүргүнчүлөр тилкеси – мезгил талабы

Бөлүшүү:

«Эгерде борбор шаарыбыздын парктары менен сейил бактарын жөө жүргүнчүлөргө арналган жолдор менен байланыштырсак, бишкектиктер үчүн унаага жык толгон жолдор менен кесилишпеген, абасы таза альтернативалуу аймактар пайда болмок. Ушул эле жолдор велосипед тебүүчүлөр үчүн, спортсмендер үчүн, шаардыктардын үй-бүлөлүк эс алуусу үчүн  дагы абдан ыңгайлуу болмок”, – деген оюн айтты Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер Нурдин Абдылдаев.

Талапкердин белгилөөсүндө, мындай долбоор коңшулардын Алматы шаарында ишке ашырыла баштады. “Аларда жөө жүргүнчүлөр үчүн салынган жолдорду жашыл тосмолор менен тосуп, автоунаалардын кыймылына чек койгон. Мындай нерсени Бишкекте дагы ишке ашырууга болот, шаардын төрт тарабын кошкон “жашыл тилкелерди” түзүү мүмкүнчүлүгүн кароого болот. Борбордун түштүк тарабы менен  түндүгүн байланыштырган “жашыл тилкелердин” аркасында шаар ичинде эс алуучу аймактар дагы көбөймөк”, – деген ойдо Нурдин Абдылдаев.

Бирок мындай жолдорду жөн гана автоунаа кыймылдарын чектеп коюу менен ишке ашырууга болбойт. Шаарды айланта салынган жөө жүргүнчүлөрдүн жолун салуу үчүн комплекстүү иш-чараларды кабыл алуу керек. “Биринчи кезекте, шаардын тигил же бул аймагынын статусун аныктаган Муниципалдык курулуш башкармалыгына тиешелүү документтердин онлайн-базасын түзүү зарыл. Биздин партия бул багытта бир топ иштерди демилгелеп жатат. Шаарыбызды өнүктүрүү жана анын жашоочулары үчүн ыңгайлаштыруу үчүн бардык иштерде ачыктык талап кылынат”, – деп жыйынтыктады  өз сөзүн Нурдин Абдылдаев.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: